
Жарыяланган
2026-10-08, 18:03Бүгүн Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы, «Элкарт» улуттук төлөм системасы жана BAKAI кызматташуу жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюп, соңку жылдардагы эң ири социалдык долбоорлордун бирин баштады. Долбоордун негизги максаты — кызматкерлерге көрсөтүлүүчү социалдык колдоону заманбап, жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу.
Бул кызматташтыктын жыйынтыгында «Элкарт+» кесиптик бирликтердин дисконттук төлөм картасы чыгарылат. Ал заманбап каржылык сервистерди, лоялдуулук программасын жана кесиптик бирликтердин мүчөлөрү үчүн каралган мүмкүнчүлүктөрдү бириктирет. Бир нече документтин ордуна бир гана карта колдонулат. Ал төлөм жүргүзүүгө гана эмес, арзандатуулардан, жеңилдиктерден жана атайын сунуштардан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген универсалдуу төлөм каражаты болуп саналат.
«Бүгүнкү күндө улуттук төлөм системасы — бул төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуу ыкмасы гана эмес. Ал миллиондогон жарандар үчүн кошумча баалуулук жараткан инфраструктурага айланды. Бул долбоорду Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы жана BAKAI менен биргеликте ишке ашыруу аркылуу биз «Элкарт» экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да кеңейтип жатабыз. Ошону менен бирге финансылык технологиялар төлөм кызматтарын, санариптик чечимдерди жана социалдык демилгелерди бир продуктуга бириктирүү аркылуу адамдардын жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла аларын көрсөтүп жатабыз», — деди «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын Башкармасынын төрагасы Алтымыш Туратбеков.
Долбоордун биринчи этабында учурда колдонулуп жаткан кесиптик бирликтердин дисконттук карталарын алмаштыруу үчүн 30 миң даана «Элкарт+» картасы чыгарылат. Андан кийин долбоор этап-этабы менен ишке ашырылып, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын 347 560 мүчөсүнүн баарын камтыйт. Федерациянын 347 560 мүчөсү өлкө боюнча 6 037 баштапкы кесиптик кошуун уюмуна бириккен.
«Бүгүн биз кесиптик бирликтердин мүчөлөрү үчүн ишке ашырылып жаткан өзгөчө социалдык долбоордун жаңы этабын баштап жатабыз. Эки жылдан бери эмгекчилерге кошумча артыкчылыктарды камсыздап келген дисконттук карта эми жаңыланып, жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Алгачкы жолу ушундай форматта профсоюздар федерациясынын, Банктар аралык процессинг борборунун жана BAKAI'дын мүмкүнчүлүктөрү «Элкарт» улуттук төлөм системасынын негизинде бириктирилип жатат. Бул — социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам». Долбоордун башкы максаты — өлкөбүздүн эмгекчилери үчүн заман талабына жооп берген, колдонууга ыңгайлуу колдоо механизмин түзүү», — деди Кыргызстан кесиптик бирликте федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу.
Бүгүнкү күндө Федерация билим берүү, саламаттык сактоо, мамлекеттик кызмат, энергетика, курулуш, өнөр жай, транспорт, айыл чарба, соода жана башка тармактарды камтыган экономиканын 16 тармагында эмгектенген кызматкерлердин кызыкчылыгын коргойт. Дал ушул кызматкерлер үчүн күнүмдүк турмушта кошумча жеңилдиктерден пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген бирдиктүү жеңилдиктер системасы түзүлүүдө.
Жаңы картанын ээлери эң көп суроо-талапка ээ болгон төмөнкү категорияларда атайын арзандатуулардан жана өзгөчө сунуштардан пайдалана алышат:
* медициналык кызматтар жана ден соолук үчүн товарлар;
* балдар үчүн товарлар жана билим берүү кызматтары;
* ресторандар, кафелер жана коомдук тамактануу жайлары;
* мейманканалар, эс алуу жана туристтик кызматтар;
* авиабилеттер жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары;
* сулуулук салондору жана жеке кам көрүү кызматтары.
Мындан тышкары, карта «Элкарт» улуттук төлөм системасынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн камтыган заманбап төлөм каражаты болуп саналат. Анын жардамы менен өлкө боюнча товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө, акча которууларды кабыл алууга, банктын санариптик кызматтарын пайдаланууга жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө болот.
«Элкарт+» картасы төлөм картасынын, кесиптик кошуундун мүчөлүк күбөлүгүнүн жана лоялдуулук картасынын мүмкүнчүлүктөрүн бириктирет. Натыйжада кесиптик бирликтердин мүчөлөрү төлөмдөрдү ыңгайлуу жүргүзүп, арзандатуулардан жана атайын сунуштардан пайдалана алышат. BAKAI үчүн бул санариптик экосистеманы өнүктүрүүдөгү жана адамдардын жашоосун жеңилдеткен, ыңгайлуураак кылган чечимдерди иштеп чыгуудагы дагы бир маанилүү кадам, — деди BAKAI Башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев.
Долбоорду ишке ашыруу «Элкарт» улуттук төлөм системасы үчүн улуттук төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү жана ата мекендик финансылык кызматтардын экосистемасын кеңейтүүдөгү дагы бир маанилүү кадам болуп саналат. Ал эми BAKAI үчүн бул долбоорго катышуу төлөм карталарынын эмиссиясын көбөйтүүгө, жаңы кардарларды тартууга жана заманбап банктык кызматтарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Мындан тышкары, долбоор накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты колдоого багытталган. Кесиптик бирлик кыймылынын, улуттук төлөм системасынын жана банк секторунун мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү менен өнөктөштөр социалдык колдоонун жаңы механизмин түзүүдө. Бул механизм заманбап финансылык технологияларды эмгек адамдары үчүн реалдуу артыкчылыктар менен айкалыштырат.
Кесиптик бирлик кыймылынын мүчөлөрү «Элкарт» улуттук төлөм системасы жана BAKAI сунуштаган жаңы «Элкарт+» картасы менен жөн гана төлөм каражатына эмес, бир катар артыкчылыктарга ээ болушат. Алар төлөмдөрдү ыңгайлуу жүргүзүп, атайын сунуштардан жана арзандатуулардан пайдалана алышат.
Кесиптик бирликтерге кошулуп, Кыргызстандагы кызматкерлер үчүн түзүлгөн социалдык колдоонун жаңы форматынын бир бөлүгү болуңуз!



