
Жарыяланган
2026-10-08, 17:30Быйыл 10-июлда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу башталгандан бери бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 2 миңге жакын унаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Унааларды каттоо борбор билдирди.
Аталган мекеме мыйзамдаштыруу 1-октябрда аяктай турганын, бул убакыт көз ачып-жумганча өтүп кетерин белгилеп, чет элдик номерлүү унаалары бар жарандарды кечикпей мыйзамдаштыруудан өтүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу биринчи ирет 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн. Жалпы 30 миңден ашык унаа мыйзамдаштырылып, бюджетке 1.8 млрд сомдон ашык акча түшкөн.
Бирок былтыр унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандар дагы бир мүмкүндүк берүүнү суранып, бийлик органдарына кайрылып келишкен. Эми аларга 10-июлдан 1-сентябрга чейин унааларын мыйзамдаштырып алууга дагы бир мүмкүндүк берилүүдө. Бул жолу үлгүрбөй калгандар унааларын мыйзамдаштыра албай калат.
Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып келинген чет элдик номерлүү унааларды гана мыйзамдаштырууга болот.
Мыйзамдаштыруунун акысы буга чейинкидей эле калат: унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпагандар 50 миң сомдон, 2 кубдан ашкандары 100 миң сомдон төлөйт. Ошондой эле чет элдик номерлүү электр унаа ээси 50 миң сомду төлөшү керек болот.



