Akchabarsearch
Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркыдан да суу аз экени айтылды

Жарыяланган

2026-10-08, 17:13

Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркыдан да суу аз экени айтылды

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз. Бул тууралуу өкмөттүн кышка даярдыкка арналган жыйынында айтылды. 

Маалым болгондой, быйыл өлкөдө 19.6 млрд кВт/саат электр энергия колдонулат деп болжолдонууда. Анын 15.5 млрд кВт/сааты өзүбүздөн чыкса, калган 4.1 млрд кВт/саат импорттолот.

Аны менен бирге Токтогул суу сактагычында да суу былтыркыга караганда аз болууда. 

"Жогорудагы маселелерге байланыштуу электр энергияга болгон ички лимитти сактоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы айтылып, гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборунда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин графике ылайык бүткөрүү керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта. 


Тектеш материалды окуу