
Жарыяланган
2026-22-06, 11:25Быйыл үч айда коммерциялык банктар жана кредиттик уюмдар тарабынан 610 млрд сомдон ашык насыя берилди.
Насыяны көбү банктар тарабынан берилген – 539.6 млрд сом. Ал эми кредиттик уюмдар тарабынан берилген насыя 70.7 млрд сомду түзгөн.
Берилген насыянын жарымына жакыны эле же 301 млрд сому Бишкек шаарына туура келген.
Андан кийинки орунда Чүй облусу (38.5 млрд сом), Жалал-Абад облусу (51.4 млрд сом) жана Ысык-Көл облусу (33.7 млрд сом) турат.
Эң аз насыя Нарын (14.6 млрд сом) менен Талас (16.2 млрд сом) облустарында берилген.



