Akchabarsearch
Соодагерлер патентти онлайн ала алат

Жарыяланган

2026-22-06, 13:41

Соодагерлер патентти онлайн ала алат

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети (cabinet.salyk.kg) аркылуу патент алуу боюнча электрондук кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу салык кызматы билдирди. 

Эми соода тармагында иштегендер патентти салык органына барбастан эле алууга болот. 

Патент базарларда жана кичи базарларда,  дүкөндөрдө, павильондордо, күркөлөрдө жана базарлардан тышкары жайгашкан башка соода түйүндөрүндө иштеген соодагерлерге берилет. 

Кошумча маалыматты sti.gov.kg сайтынан же салык органдарынан алууга болот.


Тектеш материалды окуу