Akchabarsearch
Ысык-Атада бала бакчада иштебеген адамдарга мыйзамсыз маяна төлөө фактысы аныкталды

Жарыяланган

2026-22-06, 15:22

Ысык-Атада бала бакчада иштебеген адамдарга мыйзамсыз маяна төлөө фактысы аныкталды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда бала бакчада иштебеген адамдарга мыйзамсыз маяна төлөө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Райондук прокуратура аныктагандай, Ак-Кудук айыл аймагындагы “Бала-Кербен” бала бакчасында жооптуу кызматкерлер документтерге иштебеген 6 адамды иштеп жатат деп көрсөтүп, аларга айлык чыгарып, акчаны кымырып алышкан. Бул схема 2024-жылдан бери иштеп келген. Мунун айынан мамлекетке бир олуттуу өлчөмдөгү акчалай зыян келтирилген. 

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Тектеш материалды окуу