
Жарыяланган
2026-22-06, 14:44Такси айдоочулары лицензияны онлайн алса болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Эми такси айдоочулары жана компаниялар лицензия алуу үчүн арыздарды "МБанк", "Элдик" жана "Түндүк" мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн тапшыра алышат.
"Лицензия алуу үчүн тиркемеде идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп жана керектүү документтерди жүктөө жетиштүү. Лицензия берилгенден кийин анын маалыматтары мобилдик тиркемеде санариптик форматта жеткиликтүү болот", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 1-июлдан тартып лицензиясы жок такси болуп иштеген жарандарга 7.5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Ички иштер министрлиги бардык такси айдоочуларын лицензияларын өз убагында алууга чакырат.



