
Жарыяланган
2026-06-04, 18:08“Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Аталган мекеме Ысык-Көлдөн Кытайга бара турган Барскоон – Бедел жолунун курулушуна жооптуу болот. Ал долбоорду ишке ашырууну координациялап, бөлүнгөн акчанын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылат жана социалдык, экологиялык жана техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Жаңы мамлекеттик мекемени Акылбек Мусабаев жетектей турган болду.
Белгилей кетсек, Барскоон – Бедел жолунун узундугу дээрлик 150 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында 2 тоннель, 30дан ашык көпүрө (анын ичинде 2 эстакадалык кɵпүрɵ) жана коргоочу инженердик курулмалар салуу каралган. Жол 5 жылда салынып бүтөт деп пландалууда.



