
Жарыяланган
2026-06-04, 16:56Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан бери 6-апрелге чейин 243.6 миңден ашык жаран онлайн насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Эске салсак, “бирөө-жарым менин атымдан онлайн насыя албасын” деген жарандар шылуундардан сактануу үчүн өзүнө-өзү насыя алууга тыюу сала алат. Жаран тыюу салууну иштеткенден кийин банктар анын атына насыя бербеши керек.
Былтыр ноябрь айынан тарта мындай тыюуну “Түндүк” тиркемеси аркылуу да кылып коюуга шарт түзүлгөн.



