Akchabarsearch
Жумуш берүүчү кызматкерге жылына 28 күндүк эмгек өргүү бериши керек

Жарыяланган

2026-06-04, 17:46

Жумуш берүүчү кызматкерге жылына 28 күндүк эмгек өргүү бериши керек

Эмгек министрлиги кызматкерлерге жылына узактыгы 28 күн болгон акы төлөнүүчү өргүү бериши керектигин эске салат.  

Жумушчу ишке жаңы орношкондон кийин 11 ай үзгүлтүксүз иштегенден соң биринчи эмгек өргүүсүнө чыга алат. 

Эмгек өргүүнүн графиги жаңы жылдан кеминде эки жума эрте бекитилиши зарыл.

Эмгек кодексине ылайык, 28 күндүк эмгек өргүү жумуш берүүчү менен кызматкердин макулдашуусу боюнча бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Бирок анын бир бөлүгү 14 күндөн аз болбошу кажет. 
 


Тектеш материалды окуу