Akchabarsearch
Башаламан соода-сатык кылгандарга 600 миң сомдон ашык айып салынды
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-22-10, 16:20

Башаламан соода-сатык кылгандарга 600 миң сомдон ашык айып салынды

Өлкөдө башаламан соода-сатык кылгандарга 600 миң сомдон ашык айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол жээгиндеги кыймылга тоскоолдук жараткандарга карата рейд жүрдү.

Мындай текшерүү 14-октябрдан 18-октябрга чейин уланып, анда мөмө-жемиштер, курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана суусундуктар жолдун жээгинде мыйзамсыз сатылган учурлар аныкталды.

Анын алкагында башаламан соода-сатык кылган жарандарга 209 протокол түзүлүп, жалпысынан 627 миң сом айып пул салынды.


Тектеш материалды окуу