
Жарыяланган
2025-07-11, 14:08Баткен районуна караштуу Керме-Тоо участкасында көп жылдан бери курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 2019-жылы салынып баштаган.
Объекттин наркы 14.2 миллион сомду түзөт.
Имарат 219 чарчы метрди түзүп, бир кабаттан турат. 24 орунга ылайыкталып, бала бакча заманбап үлгүдө курулду. Быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.



