
Жарыяланган
2025-04-12, 10:10Токтогулда 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы бала бакча Токтогул шаарынын Абышов көчөсү 52 дарегинде курулууда. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери 90 пайызга аяктап калды. Имараттын аянты жалпы аянты 1268,6 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.



