Жарыяланган
2024-09-09, 12:38Баткенде аймакка ротация менен келген жергиликтүү бийлик жетекчилерине 31 кызматтык үй курулуп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Турак жайларды куруу иштери 85 пайызга аяктап калды, учурда ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүүдө.