
Жарыяланган
2026-29-10, 16:192026-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусунан мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн 106.6 миң сом салык түшкөн. Бул тууралуу облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, белгиленген план 108 пайызга аткарылды.
Анын ичинде республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн 197.8 миң сом түшүп, план 112.2%га, жергиликтүү бюджетке 1 млрд 402 млн 908. миң сом түшүп, план 103.7%га аткарылган.



