Akchabarsearch
Баткенде сасык чайырдын ширесин алууга аракет кылган 10 жаран 550 миң сом айыпка жыгылды

Жарыяланган

2026-29-06, 16:33

Баткенде сасык чайырдын ширесин алууга аракет кылган 10 жаран 550 миң сом айыпка жыгылды

Баткен облусунда сасык чайырдын ширесин мыйзамсыз алууга аракет кылган 10 жаран аныкталып, айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткендеги башкармалыгы билдирди. 

Маалым болгондой, аталган 10 жаранга 55 миң сомдон, жалпы 550 миң сом айып салынган. Андан тышкары өсүмдүктөр дүйнө зыян келтиргени үчүн 2 миң 520 сом доо коюлган. 

Министрлик жаратылыш байлыктарын мыйзамсыз пайдаланууга болбой турганын эске салып, ал үчүн мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн эскертет. 

Нет описания фото.
сасык чайыр

Тектеш материалды окуу