
Жарыяланган
2026-01-05, 10:36Баткен облусунда жылына 100 миң тоннага жакын өрүк жыйналат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, облуста жалпы 11 миң 300 гектардан ашык жерде өрүк бар. Жылына алардан 100 миң тоннадай түшүм терилсе, анын 5 миң тоннага жакыны эрте бышкан өрүк.
Учурда облуста эрте бышкан өрүктүн түшүмү жыйнала баштады. Өрүктүн бул түрү кургатылбастан экспортко жөнөтүлөт.



