Жарыяланган
2025-22-05, 14:20Баткен районуна караган Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолуна асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жолдун 6-9-чакырым жана 11-13-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин №2 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Келе жаткан аптада асфальт төшөө иштери башталат.
"Белгилей кетсек, Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунун 3-8-чакырымдар аралыгы сай аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу 5 чакырым жаңы жол курулду", - деп айтылат маалыматта.