Akchabarsearch
Баткендин Пидап тилкесиндеги газдын запасы изилденет

Жарыяланган

2025-25-12, 16:44

Баткендин Пидап тилкесиндеги газдын запасы изилденет

Баткендин Кадамжай районунун Өрүк-Зар айылына жакын жайгашкан Пидап участкасындагы газдын кору изилденет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалым болгондой, аталган тилкеде 2007-2014-жылдары Кытай компаниясы тарабынан мунай-газ чыккан жерлерди изилдөө, чалгындоо жана бургулоо боюнча геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок чоң акча керектелгендиктен, иш токтоп калган. Бүгүнкү күндө аймактагы газдын кору боюнча так маалымат жок. 

 20-декабрда облус башчысы Айбек Шаменов жерине барып, пайдаланылбай турган газ скважиналарын көргөнү барган. Ал район акими Болот Баяке уулуна газдын запасын аныктоо боюнча ишти баштоону, изилдөө жүргүзүү үчүн тиешелүү министрликтерге кайрылууну тапшырган. 


Тектеш материалды окуу