
Жарыяланган
2025-25-12, 18:24Быйыл курулуш тармагындагы мыйзам бузуу үчүн салынган айып пулдардын жалпы суммасы 132 млн сомду түздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш объекттеринде ченемдердин жана талаптардын сакталышын текшерүү максатында 2 миң 290 мыйзам бузуу аныкталып, 132 млн сом айып пул салынган.
Ал эми былтыр 2 миң 23 протокол түзүлүп, айып пулдун суммасы 120.1 млн сомду түзгөн.
Быйыл уруксатсыз курулуштар 111 объектге чейин кыскарды, ал эми былтыр бул көрсөткүч 171ди түзгөн.



