
Жарыяланган
2025-25-12, 18:00Сотторго мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укук берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыгып, документ коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушка ылайык, 20 жылдан кем эмес сот болуп иштегендерге пенсиялык куракка (аялдар үчүн – 58 жаш, эркектер үчүн – 63 жаш) жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укук берилет.
Мыйзамдын демилгечилери жазгандай, соттун иши оор, жоопкерчиликтүү. Күн сайын адамдардын тагдырына таасир эткен чечимдерди кабыл алат. Алар иштеген шарттар адамды чарчоого, ден соолуктун начарлашына алып келет.
Соттор пенсияга эрте чыгууга укук алса, алардын ордуна жаш адистердин келишине жол ачылат. Ошондой эле алар иштен чарчаганына же иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөгөнүнө карабай, маяна алыш үчүн эле иштей бербей, пенсияга чыгууну тандашы мүмкүн.
Эскерте кетсек, жаш курак боюнча аялдар – 58, ал эми эркектер – 63 жашында пенсияга чыгат. Ошол эле учурда мыйзамда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу үчүн бир катар жеңилдиктер каралган: көп балалуу энелер, бийик тоолуу же алыскы барууга кыйын аймактарда жашап-иштеген жарандар, оор шарттарда иштегендер ж.б. мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга алат.



