Жарыяланган
2025-31-07, 14:24Баткен облусунун Жаңы-Жер айылында Жаңы-Жер орто мектеби курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкулчүлүгүнөн билдиришти.
Мектепти салганга республикалык бюджеттен 164 млн 703 миң сом бөлүнгөн.
Учурда курулуш иштери 55% аяктаган. Аны декабрь айында бүткөрүү пландалууда.