Akchabarsearch
Базар-Коргон районунда инфраструктураны өнүктүрүүгө 1.9 млрд сом талап кылынат
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-23-10, 10:37

Базар-Коргон районунда инфраструктураны өнүктүрүүгө 1.9 млрд сом талап кылынат

Базар-Коргон районунда жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1 млрд 959 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу 22-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарында маалымдалды.

Пландалган долбоорлордун ичинен 598.8 млн сом саркынды сууларды тазалоочу жайларды курууга жумшалмакчы.

Ошондой эле Базар-Коргон — Арстанбап багытындагы 23 чакырым жана Базар-Коргон — Сайдикум багытындагы 18 чакырым жолду курууга болжол менен 984 млн сом керектелет.

Мындан тышкары, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу үчүн сегиз атайын техника жана жалпы баасы 131 млн сом болгон он электробус сатып алуу пландалууда.

Ал эми Базар-Коргон шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 125 млн сом талап кылынат. Бул каражатка автоунаа токтотуучу жай, электр унааларын тез кубаттоочу станция, аялдама жана унаа жуучу жай куруу, электр тармактарын орнотуу жана 7 миң чарчы метр жерге асфальт төшөө каралган.

Ошондой эле М. Бердибеков атындагы Маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, бул долбоорлорду ишке ашырууга керектелүүчү болжолдуу каражат. 


Тектеш материалды окуу