
Жарыяланган
2025-29-08, 13:33Бүгүн, 29-августта Базар-Коргон районундагы “Алтын-Куш Агро” ишканасынын 1 га аянтты ээлеген заманбап тоок фабрикасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бул Фабрика 185 млн сомго салынып, 62 миң тоок багууга ылайыкташкан.
Фабрика ишке үч этап менен берилет:
• 1-этабы — 2025-жылдын май айында 31 миң тоок багуу башталган;
• 2-этабы — 2025-жылдын октябрында дагы 31 миң тоок багыла баштайт;
• 3-этабы — 2026-жылдан тартып эт багытындагы тоок өстүрүү ишке кирет.
Ошондой эле, 2026-жылдын май айынан тарта тоок жумурткасын байытуучу жана тоют даярдоочу комбикорм цехи да иштей баштайт.
Фабриканын негизги продукциясы — жумуртка. Бул долбоордун алкагында 25 адам туруктуу жумуш менен камсыз болуп, орточо айлык маянасы 20 миңден 50 миң сомго чейин болот.
Өндүрүлгөн продукция Жалал-Абад жана Ош облустарында сатылат.



