Akchabarsearch
Базар-Коргондо 100 миң тоок багууга эсептелген фабрика курулуп жатат

Жарыяланган

2025-23-10, 14:09

Базар-Коргондо 100 миң тоок багууга эсептелген фабрика курулуп жатат

Базар-Коргон районунун Жараке айылында 100 миң тоок багууга эсептелген фабриканын курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Ишкана жалпы 185 млн сомго салынууда.

Фабрикада быйыл майдан тарта 31 миң тоок өстүрүү башталган, октябрь айынан баштап дагы 31 миң тоок өстүрүлүүдө. Ал эми 2026-жылдан баштап эт багытындагы канаттууларды багуу пландалууда.

Мындан тышкары, тоют даярдоочу цех да курулуп, майдан бери иштеп жатат. Ал жакта иштеген жумушчулардын айлыгы 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин. Өндүрүлгөн продукция Жалал-Абад жана Ош облустарынын ички рыногун продукция менен камсыздайт. 
 


Тектеш материалды окуу