
Жарыяланган
2026-23-10, 10:11Базар-Коргон районунун бюджети 2021-жылдагы 189.6 млн сомдон 2025-жылы 350.5 млн сомго жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 22-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында район тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы беш жылда райондун бюджети 160.9 млн сомго же 1.8 эсеге көбөйгөн. Мындан тышкары, аймакты өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен да каражат бөлүнүүдө.
2026-жылы Базар-Коргон районундагы объектилерди курууга «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржылоо каралган. 1-октябрга карата бөлүнгөн каражаттын көлөмү 767.3 млн сомду түзгөн.
Бөлүнгөн каражаттардан тышкары, президент райондогу инфраструктуралык иштер тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, акыркы беш жылда 57 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Анын 21 чакырымы быйыл асфальтталган.
Ошондой эле Базар-Коргон шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жаңылоо үчүн долбоордук документтер даярдалууда. Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу да пландалып жатат.
Жолугушууда Садыр Жапаров 2028-жылга чейин мектептердин жетишсиздиги маселесин чечүү максаты коюлганын билдирди.



