Akchabarsearch
Beeline жана MEGA Айыл Банктын тиркемелери үчүн акысыз интернет-трафик кызматын ишке киргизди

Жарыяланган

2025-22-05, 09:37

Beeline жана MEGA Айыл Банктын тиркемелери үчүн акысыз интернет-трафик кызматын ишке киргизди

Банк колдонмолорун колдонуу эми мурдагыдан да жеңил жана ыңгайлуу: «Айыл Банк» ААКсы, Beeline Кыргызстан жана MEGA уюлдук байланыш операторлору менен өнөктөштүктө ишке ашырган жаңы демилгени жарыялайт. Ага ылайык, Айыл Банктын мобилдик колдонмолору үчүн интернет-трафик толугу менен акысыз болот.

Эми MEGA абоненттери Айыл Банктын бардык негизги мобилдик тиркемелерин — АБ24, Zero, Береке жана АБ Бизнес — акысыз интернет менен колдоно алышат. Колдонуучунун эсебинде нөл сом болсо да, колдонмолор аркылуу баланс текшерүү, акча которуу, төлөмдөрдү жүргүзүү сыяктуу бардык операциялар жеткиликтүү.

Ал эми Beeline Кыргызстан абоненттери үчүн учурда АБ24 колдонмосуна гана интернет-трафик акысыз болуп эсептелет.

«Биз кардарларыбыз үчүн финансы кызматтарына каалаган убакта жана каалаган жерде жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык маанилүү экенин жакшы билебиз. Айрыкча туруктуу интернет дайыма эле жеткиликтүү болбогон аймактарда. Байланыш операторлору менен кызматташтыктын аркасында биз санариптик банк кызматтарын ар бир жаранга жеткиликтүү кылууга аракет кылып жатабыз», — деди «Айыл Банк» ААКсынын Санариптик бизнес башкармалыгынын башчысынын орун басары Салтанат Асипбаева.

Жаңы өзгөрүүнүн маңызы жөнөкөй: эгер сиз Beeline Кыргызстан же MEGA абоненти болуп, Айыл Банктын колдонмолорунун бирин колдонсоңуз, анда колдонмонун ичиндеги бардык аракеттер интернет сарптабайт. Балансыңыз 0 сом болсо да, эсептерди төлөп, акча которуп же маалымдама ала аласыз.

Жаңы колдонуучулар үчүн керектүү болгон нерсе — бул App Store же Google Play аркылуу банк тиркемелерин жүктөп алуу. Андан кийин — толук эркиндик: трафик жана баланс жөнүндө ойлонбой эле банк кызматтарын пайдалана берсеңиз болот.

Улуттук банктын лицензиясы № 048
 


Тектеш материалды окуу