Akchabarsearch
Бензинди сатып алуу баасы 300 долларга кымбаттады

Жарыяланган

2026-11-05, 14:32

Бензинди сатып алуу баасы 300 долларга кымбаттады

Америка менен Израиль Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттады. Бул Кыргызстанга да түз таасир тийгизүүдө. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында,  мурда согуш башталганга чейин Россиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасын 650 доллардын тегерегинде алып келинсе, учурда анын баасы орточо 950 доллар. Ал эми дизель отунун мурда тоннасы болжол менен 700 доллар болсо, азыр 1200 доллардан ашты.

Казакстанда күйүүчү майдын арзандыгы боюнча суроолорго жооп берип, ал өлкөдө ири мунай запастары бар экенин жана баалар мамлекет тарабынан субсидияланарын белгиледи.

Кыргызстанда да ушундай эле механизм электр энергиясы тармагында колдонулат. Тактап айтканда, электр энергиясынын өздүк наркы 3 сомдон ашса да, калкка 1 сом 64 тыйындан берилет, калган айырманы мамлекет жабат.

Орунбековдун айтымында, Кыргызстанда мунай запастары жетиштүү болгондо баалар да төмөн болмок.

“Ошондуктан өзүбүздө жок ресурстар үчүн бири-бирибизди күнөөлөп наалыбай, маселеге реалдуу карайлы”, — деп белгиледи ал.

Ошол эле учурда өлкөдө импортко көз карандылыкты азайтуу үчүн “Кыргызнефтегаз” жана “Джунда” заводдорунда модернизация жүрүп жатат. Жаңылангандан кийин евростандарттагы күйүүчү май өндүрүлүп баштайт.
 


Тектеш материалды окуу

  • Бензинди сатып алуу баасы 300 долларга кымбаттады

    Америка менен Израиль Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери дүйнө жүзүндө газ жана күйүүчү майдын баасы кескин кымбаттады. Бул Кыргызстанга да түз таасир тийгизүүдө.
    2026-11-05 08:32:49
  • Кыргызстан Тажикстан жана Афганистанга бензин экспорттой баштайт

    Кыргызстан Аи-80 бензинин Тажикстан менен Афганистанга экспорттой баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
    2026-18-03 12:02:06
  • Бишкекте бензин кымбаттады: Аи-95 дээрлик 74 сомго чейин жетүүдө

    Быйыл жыл башында Кыргызстанда бензин баасы арзандап, айдоочулардын таң калтырган. Анда борбор калаадагы май куюучу жайларда баа 3 сомго арзандаган. Баанын түшүшү мурун арзан баа менен алынган бензин сатылып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Эми алар түгөнүп, бензиндин баасы кайра көтөрүлдү. Улуттук Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 16-майга карата Бишкекте Аи-95 бензининин орточо баасы 73.9 сомду, Аи-92ники 65.47 сом түздү. Январда Аи-95 – 71.72 сом жана Аи-92 – 63.75 сом турган.
    2025-20-05 07:29:29