Akchabarsearch
Кыргызстан Тажикстан жана Афганистанга бензин экспорттой баштайт

Жарыяланган

2026-18-03, 18:02

Кыргызстан Тажикстан жана Афганистанга бензин экспорттой баштайт

Кыргызстан Аи-80 бензинин Тажикстан менен Афганистанга экспорттой баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал эми Россия Федерациясынан алынып келинген евростандарттагы күйүүчү май өлкөдөн сыртка чыгарылбайт.

Анын айтымында, учурда ички суроо-талаптын аздыгынан “Кыргызнефтегаз” жана анын туунду ишканасы “Кыргыз Петролеум Компани” кампаларында күйүүчү май топтолуп калган.

Ушуга байланыштуу министрлер кабинети жергиликтүү өндүрүштөгү бензинди экспорттоого убактылуу уруксат берди.

Буга чейин өндүрүлгөн күйүүчү май жеке компанияларга мажбурлап сатылып келгендиктен, азыр кампаларда анын запасы көбөйүп кеткен.
 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстан Тажикстан жана Афганистанга бензин экспорттой баштайт

    Кыргызстан Аи-80 бензинин Тажикстан менен Афганистанга экспорттой баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
    2026-18-03 12:02:06
  • Бишкекте бензин кымбаттады: Аи-95 дээрлик 74 сомго чейин жетүүдө

    Быйыл жыл башында Кыргызстанда бензин баасы арзандап, айдоочулардын таң калтырган. Анда борбор калаадагы май куюучу жайларда баа 3 сомго арзандаган. Баанын түшүшү мурун арзан баа менен алынган бензин сатылып жатканы менен түшүндүрүлгөн. Эми алар түгөнүп, бензиндин баасы кайра көтөрүлдү. Улуттук Статистика комитетинин маалыматы боюнча, 16-майга карата Бишкекте Аи-95 бензининин орточо баасы 73.9 сомду, Аи-92ники 65.47 сом түздү. Январда Аи-95 – 71.72 сом жана Аи-92 – 63.75 сом турган.
    2025-20-05 07:29:29