
Жарыяланган
2026-07-07, 17:142026-жылдын 6-июлуна карата Кыргызстанда А-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 88.8 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, А-95 бензини эң кымбат Баткен облусунда сатылып, анын орточо баасы 89.90 сом болду. Ал эми эң арзан баа Манас районунда жана Каракол шаарында катталды. Манас районунда бензиндин орточо баасы 84.90 сом болсо, Каракол шаарында 85.40 сомду түздү.
Өлкө боюнча А-92 бензининин орточо баасы 80.76 сом деп белгиленди. Эң жогорку баа Манас шаарында катталып, бир литри орточо 82.90 сомду түздү. Ал эми эң төмөнкү баа Талас шаарында болуп, орточо 76.31 сомдон сатылды.
Ошол эле учурда өлкө боюнча дизель майынын орточо баасы 94.40 сомго жетти. Дизель майы эң кымбат Баткен шаарында сатылып, анын орточо баасы 96.90 сомду түздү. Ал эми эң арзан дизель майы Талас шаарында катталып, орточо баасы 91.44 сом болду.



