
Жарыяланган
2026-29-05, 10:32Кыргызстандагы “Чайна Петроль Компани “Джунда” мунай иштетүүчү заводу быйыл октябрда модернизациядан кийин сыноо иретинде ишке кирет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен “Джунда” ЖЧКсынын жетекчилигинин жолугушуусунда маалым болду.
Маалыматка ылайык, учурда заводдо модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Курулуш-монтаж иштери июлдун аягында аяктап, август-сентябрь айларында жабдууларды жөнгө салуу жана текшерүү жүргүзүлөт.
Жаңылангандан кийин завод К2 класстагы бензинден К5 класстагы бензин өндүрүүгө өтөт.
Ошондой эле ишкана учурда чийки зат жетишсиз болуп жатканын билдирген. Ылайыктуу чийки зат катары Казакстандын мунайы каралууда. Мындан тышкары, Азербайжандан мунай жеткирүү мүмкүнчүлүгү да изилденүүдө.
Жолугушууда күйүүчү май рыногундагы баалар, запастар жана өндүрүш көлөмү боюнча маалыматтарды туруктуу алмашып туруу боюнча макулдашылды.



