Akchabarsearch
Беш айда өлкөдөгү көл жана суу сактагычтардын алдынан 59 чакырым тор чыгарылды

Жарыяланган

2026-04-06, 14:31

Беш айда өлкөдөгү көл жана суу сактагычтардын алдынан 59 чакырым тор чыгарылды

Быйыл жыл башынан тарта Кыргызстандагы көл жана суу сактагычтардын алдынан 59 чакырым тор жана бир тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди. 

Анын ичинен, Ысык-Көлдөн — 30.3 миң метр тор жана 860 кг таштанды, Токтогул суу сактагычынан — 26.4 миң метр тор, Киров суу сактагычынан — 1. 5 миң метр тор жана 300 кг таштанды, Орто-Токой суу сактагычынан — 500 метр тор жана Соң-Көлдөн — 300 метр тор чыгарылган. 

“Учурда өлкөдө балыктардын урук чачуу мезгили жүрүүдө. Бул мезгилде суу биоресурстарын коргоо өзгөчө мааниге ээ. Анткени, нерест маалында жок болгон ар бир балык келечектеги миңдеген балыктын азайышына алып келет. Балык корунун кыскарышы өз кезегинде бүтүндөй суу экосистемасынын тең салмагына таасирин тийгизет”, - деп айтылат маалыматта. 

Министрлик мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүп, суу объектилеринде үзгүлтүксүз рейддик иш-чаралар өткөрүлүп жатканын билдирди


Тектеш материалды окуу