Akchabarsearch
Беш жана андан көп баласы бар энелер 53 жашында пенсияга чыга алат

Жарыяланган

2026-25-06, 09:30

Беш жана андан көп баласы бар энелер 53 жашында пенсияга чыга алат

Беш жана андан көп баласы бар энелер 53 жашында пенсияга эрте алат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурзат Жакиева билдирди.

Анын айтымында, көп баласы бар энелер 53 жашында пенсияга чыгыш үчүн 15 жылдык стажы болуш керек. 

Эненин балдарын үйдө карап отурган жылдары да стаж катары эсепке алынат. Мисалы 5 баласы болсо, анын үчөөн караган декреттик мезгили 9 жылдык стаж деп алынат. 9 жылдан ашык стаж кошулбайт.

Калган 6 жылдык стажы болушу үчүн аял иштеп, Соцфондго акча которгон болушу керек. 
 


Тектеш материалды окуу