
Жарыяланган
2026-25-06, 14:54Жогорку Кенеш "Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар насыя алуу тууралуу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.
Аталган насыя 32 жылга алынат. Анын 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Жеңилдик мөөнөт учурунда үстөк 1% болсо, андан кийин 1.5%ды түзөт.
Бул акчанын 105.5 млн доллары – чакан жана орто бизнеске насыя берүүгө, 183.5 млн доллары – энергетика жана транспорт тармагына жумшалат.
Ошондой эле 83 млн доллар – таштанды жана санитария тармагына, 64.5 млн доллар – социалдык тармакка, 63.5 млн доллары – климат жана айыл чарба тармагына бөлүнөт.



