
Жарыяланган
2026-25-06, 17:16Россиядан ташылып келе жаткан 47 куб метр жыгач өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" фитосанитардык көзөмөл постунда Россиядан алынып келе жаткан 47 куб метр жыгач текшерүүгө алынып, жыгачтын фитосанитардык сертификаты жок экени аныкталган.
Бул Евразия экономикалык биримдиктин талаптарына туура келбегендиктен жыгач жүктөлгөн унаа артка кайтарылган.



