Akchabarsearch
Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жарыяланган

2026-25-06, 16:02

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 25-июнда каникулга тарады. 

Бүгүн парламенттин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи сессиясынын соңку жыйыны өттү.

Каникул учурунда депутаттар бир ай аймактарды кыдырып, шайлоочулары менен жолугат, бир ай эс алат. 

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары былтыр күзүндө парламент өзүн-өзү тараткандан кийин шайланып келип, 17-декабрда ишке киришкен.  

Мыйзамга ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. 


Тектеш материалды окуу