Akchabarsearch
Тогуз-Тородо “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталды

Жарыяланган

2026-25-06, 18:32

Тогуз-Тородо “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушу башталды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

Президенттин айтымында, аталган каскад “Ала-Буга”, “Кара-Булуң-1”, “Кара-Булуң-2” аттуу үч гидроэлектр станцияларынан турат. Алардын жалпы кубаттуулугу – 912 МВт’ты түзөт. Анда жылына 3,75 млрд киловатт электр энергия өндүрүлүп турат. 

“Казарман ГЭСтер” каскады түркиялык Орта Азия Инвестмент Холдинг” компаниясы салат. Курулушка 3 млрд доллр кетет деп эсепиелген.

Бул ГЭСтин курулушу 2031-жылы бүткөрүлөт деп пландалууда. 


Тектеш материалды окуу