Akchabarsearch
Кыргызстан аймактык соода жана логистикалык борборго айланууну көздөп жатат

Жарыяланган

2026-25-06, 16:44

Кыргызстан аймактык соода жана логистикалык борборго айланууну көздөп жатат

Кыргызстан аймактык соода жана логистикалык борборго айланууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Евразиялык өнүктүрүү банкынын Алматы шаарындагы бизнес-форумунда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди. 

Анын айтымында, 2021–2025-жылдары Кыргызстанда экономика орточо 10% өсүштү көрсөтүп келген. Ал эми 2026-жылдын январь-май айларында өсүш 12.2%га жетти. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясында экономиканын өсүшүн жыл сайын кеминде 8% деңгээлинде сактоо максаты коюлган.

Бул максатка жетүү үчүн негизги төрт багыт аныкталган:

  1. өнөр жайды өнүктүрүү жана кайра индустриялаштыруу
  2. Кыргызстанды аймактык соода жана логистикалык борборго айлантуу
  3. энергетикалык потенциалды толук пайдалануу
  4. туруктуу туризм жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү

Ал билдиргендей, учурда Кыргызстан энергетикалык ресурстарынын болгону 13%ын гана пайдаланууда. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Анын ичинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип иштеп жаткан Камбар-Ата-1  ГЭСи долбоору бар.

Ал белгилегендей, алдыдагы максаттарды ишке ашыруу үчүн ири инвестициялар жана узак мөөнөттүү каржылоо зарыл. Ошондуктан эл аралык өнүктүрүү банктардын ролу барган сайын күчөп жатат. 


Тектеш материалды окуу