
Жарыяланган
2026-25-06, 13:25Депутат Бактыбек Чойбеков бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Таласка бара турган Сосновка – Ашуу-Төр – Талас альтернативдүү жолун салууну сунуштады.
Анын айтымында, азыр Талас облусун өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган бир гана жол бар. Ал Төө-Ашуу, Өтмөк ашуулары аркылуу өтүп, кышында жүргүнчүлөргө бир топ кыйынчылыктарды жаратат.
“Андан тышкары, Төө-Ашуудагы К.Колбаев атындагы туннель 1962-жылы салынып, эскилиги жеткендиктен, ар кандай жол тыгындарынын жаралышына өбөлгө түзүүдө. Туннелде желдетүү, суу топтолуу жана коопсуздук маселелери да бар. Эгер туннель жабылып калса, өлкөбүз үчүн да, экономикабыз үчүн да оор кырдаалдарды пайда кылышы мүмкүн. Андыктан, бизге кошумча альтернативдүү жол керек”, – дейт ал.
Чойбеков Сосновка – Ашуу-Төр – Талас жолун куруу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын айтып, аталган каттамды өзү эки жолу көрүп келгенин билдирди.
Депутат айтып жаткан альтернативдүү жолдун узундугу 100 чакырымды түзөт. Анын 70 чакырымы Таластын Көпүрө-Базар айылынын тургундары жайлоого барган жол болуп саналат.
“Ошондуктан жаңы жолдун салынышы эки ашууну басып өтпөй, убакытты үнөмдөөгө жана экономикалык ишмердүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт” – дейт депутат.
Ал министрлер кабинетин аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга чакырды.



