Akchabarsearch
ЕАӨБ: Кыргызстандын экономикасы үч жыл катары менен 10%дан жогору өсүп жатат

Жарыяланган

2026-25-06, 13:59

ЕАӨБ: Кыргызстандын экономикасы үч жыл катары менен 10%дан жогору өсүп жатат

Кыргызстандын экономикасы акыркы үч жыл катары менен 10%дан жогору өсүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Евразиялык өнүктүрүү банкынын Алматы шаарында өтүп жаткан бизнес-форумунда аталган банктын башкармалыгынын төрагасы Евгений Подгузов билдирди.

Подгузовдун айтымында, мындай жогорку өсүш регион үчүн маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Ошондой эле өлкөдө курулуш тармагында, соодада жана инфраструктурага ички суроо-талап бар экенин көрсөтөт. 

Бул факторлор өлкөгө инвестициянын келишине өбөлгө түзүп, өнүктүрүү институттары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда. 

Подгузов акыркы жылдары Евразиялык өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы иши арышын арттырып жатканын билдирди. Банктын өлкөдөгү инвестициялык портфели төрт эсеге өсүп, бир катар ири долбоорлор каржыланып жатат. Алардын арасында кубаттуулугу 300 мегаватт болгон ири күн электр станциясынын курулушу да бар.  


Тектеш материалды окуу