
Жарыяланган
2026-01-05, 12:01Кыргызстанда 2021-жылдан 2025-жылга чейин 936 социалдык-маданий объект курулуп, оңдоп түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Беш жылда жаңы салынып, курулушу бүткөрүлгөн жана оңдоодон өткөрүлгөн объектилердин ичинде 451 мектеп, 141 бала бакча, 59 саламаттык сактоо мекемеси, 24 маданият мекемеси, 56 спорт жана 125 таза суу объектиси бар.
Быйыл өлкөдө 376 социалдык-маданий объектинин курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.



