Akchabarsearch
Бүгүндөн тарта “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол үч күн маал-маалы менен жабылып турат

Жарыяланган

2026-30-07, 09:53

Бүгүндөн тарта “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол үч күн маал-маалы менен жабылып турат

Бүгүн, 30-июлдан тарта 1-августка чейин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.  

Ал билдиргендей, ушул күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапар менен келет. Аны менен катар ушул күндөрү Борбор Азия – Азербайжан саммити өтүп, ага бир нече өлкөнүн башчылары катышат. 

Делегациялардын унаалары өткөн маалда “Ысык-Көл” аэропортунан Чолпон-Атага чейинки жол жабылып турат. 

Алагөзов убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурады.


Тектеш материалды окуу