Akchabarsearch
Бийик тоолуу аймакта кызмат кылган аскерлер көбүрөөк пенсия ала башташы мүмкүн

Жарыяланган

2026-24-04, 10:30

Бийик тоолуу аймакта кызмат кылган аскерлер көбүрөөк пенсия ала башташы мүмкүн

Кыргызстанда 1800 метр жана андан бийик тоолуу аймактарда 10 жылдан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Кубанычбек Самаков, Улукбек Карыбек уулу, Гүлнара Баатырова тарабынан иштелип чыккан.  

Мыйзам долбооруна ылайык, аскер кызматкери бийик тоолуу аймакта кызмат кылганы үчүн айлыгын эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулса, кийин пенсияга чыгып жатканда да ал коэффициенттер сакталып калат. 

Ошондой эле кызмат учурунда берилген үстөктөр жана компенсациялык төлөмдөр кызматкер пенсияга чыккандан кийин да эске алынат. 


Тектеш материалды окуу