Akchabarsearch
Бийик тоолуу аймактарда жашап, иштеген жарандар пенсияга 8 жыл эрте чыга алат

Жарыяланган

2026-25-06, 10:30

Бийик тоолуу аймактарда жашап, иштеген жарандар пенсияга 8 жыл эрте чыга алат

Бийик тоолуу аймактарда жашап, иштеген жарандар пенсияга 8 жыл эрте чыга алат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Социалдык фондунун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурзат Жакиева билдирди.

Жакиеванын айтымында, жалпы жаш курак боюнча азыр эркектер 63 жашында чыкса, бийик тоолуу аймакта жашап, иштегендер 55 жашында пенсияга чыкса болот. Ал үчүн эркектерге 25 жыл стаж керек.

Ал эми аталган аймакта жашап, иштеген аялдар 50 жашында пенсияга чыгууга укуктуу (жалпы жаш курак боюнча аялдар 58 пенсияга чыгат). Аларга 20 жылдык стаж керек. 


Тектеш материалды окуу