
Жарыяланган
2026-05-01, 14:10Быйыл Кыргызстан 20 миңден ашык мамлекеттик ипотекалык үй ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Президентке мамлекеттик ипотекалык батирлердин баалары жогору болуп жатканы тууралуу суроо узатылган.
“Биз бул жерде келечекти карап жатабыз. Биринчиден, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу берилген турак жайлар 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Мисалы, Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кезекте турган жарандар үчүн батирдин 1 чарчы метринин баасы курулуш жайгашкан районуна жараша 900 доллардан 1 000 долларга чейин “Социалдык”, “Жеңилдетилген” жана “Арзан” ипотека багыттары боюнча берилет”, – дейт Жапаров.
Президенттин айтымында, “Социалдык ипотека” багыты боюнча батирди жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын камкорчулары, “Жеңилдетилген ипотека” боюнча үйдү мугалимдер, дарыгерлер, жалпысынан мамлекеттик бюджеттен айлык алган жарандар ала алат. Аларга ипотека жылдык 4% менен 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Ал эми “Арзан ипотека” багыты боюнча батирди жеке тармакта иштеген жарандар жылдык 8% менен 25 жылга, алгачкы төлөмсүз алышат.
“Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1 000 доллардан 1 400 долларга чейин берилет. Үйлөр “под ключ” жасалат.
Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот.
“Белгилүү болгондой, үлүштүк негиздеги батирлер негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештер үчүн сунушталат. Бул механизмде жарандар турак жай кезегине турбайт, анткени батирдин наркынын 50 %ын алгачкы төлөм катары дароо төлөшөт. Калган бөлүгү 15 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөнөт.
Базардагы бааны ала турган болсок, ошол эле райондогу жаңы курулуп жаткан, ремонту жок (котлован деңгээлиндеги) турак жайлардын 1 чарчы метри 2 000-3 000 долларга чейин жетет. Ал эми МИКтин объектилери “под ключ” системасында, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда”, – дейт Жапаров.
Жапаров белгилегендей, МИК батирлерди өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз.
“Антпесе азыркыдай машстабдуу курулуштарды жасай албайт элек. Кезекте туруп батир алгандардын да, кезексиз жарым акчасын дароо төгүп үлүштүк негизде батир алгандардын да акчалары Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы обьектилерди улантуусуна жардам болууда”, – дейт ал.
Анын айтымында, 2025-жылы 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн. Учурда республика боюнча жалпы 80 245 батир курулууда, алардын жалпы аянты 5,4 млн чарчы метрге жетет.
“2026-жылы республика боюнча жалпысынан 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинде: Бишкек — 6 323, Чүй облусу — 3 129, Манас — 3 219, Ысык-Көл — 2 266, Ош облусу — 1 458, Ош шаары — 1 454, Баткен — 1 420, Нарын — 433, Талас — 319 батир.
Ошентип, биз узак мөөнөттүү максаттарды көздөп жатабыз. МИКтин программасы аркылуу 10–15 жылдын ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат”, – дейт Жапаров.
Президент билдиргендей, бүгүнкү күндө компания миллиарддаган уставдык капиталы бар ири институтка айланды.
“Азыркы уставдык капиталы — 87,5 млрд сом, келечекте 200 миллиард сомго жеткиребиз деп турабыз.
Эгер батирлерди өздүк наркында эле берсек, компания бат эле банкрот болуп калмак. Анткени 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш. Ошондуктан баа саясаты ушундай болуп жатат.
Ошого карабастан, мигранттар үчүн өзүнчө кезек түзүү же жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгабыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн батирлерди азыркыдан да арзанырак берүү маселесин кошумча талдап көрөбүз”, – дейт ал.



