
Жарыяланган
2026-06-01, 19:012025-жылы Кыргызстандын ички карызы 307 млрд 810.7 млн сомго жеткен.
Бул тууралуу мамлекеттик баалуу кагаздардын жүгүртүүдөгү маалыматтарында айтылат.
Ички карыздын негизги бөлүгүн мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) түзгөн. Былтыр 31-декабрга карата алардын жүгүртүүдөгү көлөмү 296 млрд сом болгон. Ал карыздын бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
3 жылдык МКО – 61.7 млрд сом;
5 жылдык – 32.5 млрд сом;
7 жылдык – 58.6 млрд сом;
10 жылдык – 53 млрд сом;
15 жылдык – 79.4 млрд сом;
20 жылдык – 10.8 млрд сом.
Салыштырсак, 2024-жылдын аягында жалпы ички карыз 174 млрд 260.9 млн сомду түзгөн. Бул 2025-жылга караганда 133 млрд сомго аз.



