Akchabarsearch
Каржы министрлиги декабрь айында ички рыноктон 10.3 млрд сом карыз алууну пландап жатат

Жарыяланган

2025-17-12, 14:35

Каржы министрлиги декабрь айында ички рыноктон 10.3 млрд сом карыз алууну пландап жатат

Каржы министрлиги декабрь айында Улуттук банктын аянтчасы аркылуу мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштырып, ички рыноктон 10,3 млрд сом карыз алууну көздөөдө.

Бул айда жалпысынан 5 облигация чыгарылып, алардын жүгүртүү мөөнөтү 5, 7 жана 10 жылды түзөт. Пайыздык чендер 6–8% деңгээлинде болот. Эң ири көлөм — 3 млрд сом — 10 жылдык облигацияларга туура келип, 8% менен жайгаштырылат.

Салыштыруу үчүн айтсак, ноябрь айында министрлик 12.6 млрд сом тартууну пландаган. Демек, декабрда алынчу карыз ноябрга караганда 2.3 млрд сомго же болжол менен 18%га аз.

 


Тектеш материалды окуу