
Жарыяланган
2025-13-11, 16:30Каржы министрлиги 14-ноябрда эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, дээрлик 1 млрд сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Буга чейин, 24-октябрда облигация чыгаруу менен министрлик 502 млн 140 миң сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 10-ноябрга карата Каржы министрлигинин 2 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 9 млрд 435 млн сом карызы бар.



