Akchabarsearch
Быйыл 7 миң мамлекеттик ипотекалык үй ээлерине тапшырылат

Жарыяланган

2025-14-04, 15:47

Быйыл 7 миң мамлекеттик ипотекалык үй ээлерине тапшырылат

Быйыл Кыргызстанда Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 7 миң батирдин курулушун бүткөрүп, үй ээлерине тапшыруу пландалууда. Бул тууралуу аталган компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээнбаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аталган батирлердин 3 миңи аймактарда, дээрлик 4 миңи Бишкекте тапшырылат. 

Бул батирлердин жарымы үлүштүк курулуш багыты боюнча, калганы социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотека боюнча, анын ичинде 10%ы турак жай курууга жер бөлгөн мекеменин кызматкерлерине берилет. 


Тектеш материалды окуу