Akchabarsearch
    Быйыл беш айда Кыргызстан менен Кытайдын соода-сатыгы 11.5 млрд долларга жетти

    Жарыяланган

    2025-11-07, 11:27

    Быйыл беш айда Кыргызстан менен Кытайдын соода-сатыгы 11.5 млрд долларга жетти

    Быйыл беш айда Кыргызстан менен Кытайдын соода-сатыгы 11.5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн реформаларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин орун басары Чжоу Хайбин Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен болгон жолугушууда билдирди.

    Чжоу Хайбин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү былтыр 23 млрд доллар болсо, быйыл беш айында 11,5 млрд долларга жеткенин белгиледи. Анын айтымында, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда өсүш 48% болгон. 

    Ал эки мамлекеттин соода-экономикалык байланышын мындан ары да бекемдөө кытай тарап үчүн маанилүү экенин билдирди. 


    Тектеш материалды окуу